Ушу тапта Бишкек шаардык сотунда "Ата-Журт" партиясынын камактагы лидерлери боюнча отурум өтүүдө. Адвокаттар үч депутаттын жана Ташиевдин үч жансакчысынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан бошотууну өтүнүүдө. Сот бул боюнча тараптардын пикирин сураштырып жатат.
Былтыр октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен Бишкектин Биринчи Май райондук соту 29-мартта депутаттар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду бир жарым жылга, Талант Мамытовду жана Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга эркинен ажыраткан.
Бирок соттолуучу тарап райондук соттун өкүмү негизсиз деп апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. (ZB/RK)