Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Түрк өкмөт башчысы Израилдин Сирияга аба соккусун “кабыл алынгыс” деп атады


Режеп Тайып Эрдоган бул тууралуу бүгүн парламентте сүйлөгөн учурунда билдирип, Израилдин операциясын эч бир жүйө менен "актоого" болбостугун белгиледи.

Акыркы кездери Сирия президенти Башар Асадды кескин сындап келген Эрдогандын пикиринде, Израилдин соккусу Асадга оппоненттерин массалык кырууну жаап-жашырууга мүмкүнчүлүк берет. Эрдоган эл аралык коомчулукка Асаддын режиминин адам өмүрүн кыйышына каршы туруу чакырыгын дагы бир жол кайталады.

Израил Сириядагы аскерий жайларга жекшембиде сокку урган. Бул окуя аймактагы чыңалууну күчөттү. Кабарларга караганда, аба соккусу учурунда Иран Сирия аркылуу “Хезболла” тобуна жөнөткөн курал-жарак бутага алынган.

Коңшу Ливандан аракеттенген исламчыл “Хезболла” тобу Сирия президенти Асадын өнөктөшү, ал эми Израил аны өлкөгө олуттуу коркунуч туудурган уюм катары санайт. (UE)

XS
SM
MD
LG