Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

КСДП Бишкек мэринин ишин текшерди


Бишкектеги Түштүк магистралы менен Тынчтык проспектисинин кесилишиндеги сейил бак деп эсептелген жерге курулуп жаткан май куюучу жай. 8-май, 2013
Бишкектеги Түштүк магистралы менен Тынчтык проспектисинин кесилишиндеги сейил бак деп эсептелген жерге курулуп жаткан май куюучу жай. 8-май, 2013

КСДП фракциясынын айрым депутаттары Бишкектин сейил бактарындагы курулуштардын мыйзамдуулугу күмөн жаратып жатканын айтып чыкты.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттары 8-майда борбор калаадагы сейил бактардагы жана өзгөчө маанилүү жерлердеги курулуштардын мыйзамдуулугун текшерүү учурунда билдирди.

Сейил бакта май куюучу жай

КСДП фракциясынын депутаттарынан турган жумушчу топ ишин Кожомкул атындагы Спорт ордосунун жанындагы эки көп кабаттуу үйдүн курулушун текшерүүдөн баштады. Андан соң Түштүк магистрал менен Тынчтык проспектисинин кесилишине курулуп жаткан май куюучу жайдын мыйзамдуулугун карады.

Депутат Абдыманап Кутушевдин айтымында, май куюучу жай сейил бакка курулуп жатканы мыйзамсыз:

- Албетте бул жердеги курулуш тезинен токтотулуп, бочкалар алынып кетиши керек. Бул жер шаардын башкы планы боюнча сейил бак деп киргизилгенден кийин ошол боюнча калсын.

Бишкек шаардык мэриясынын билдиргенине караганда, сейил бактын аймагынан 2009-жылы жер бөлүнүп, убактылуу колдонууга берилген. Ал 2010-жылы убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылып, аукционго коюлган экен. Депутаттар бул жер улутташтырылып, бирок башынан эле мыйзамсыз бөлүнгөндүктөн, сатыкка коюлбастан, мурдагы калыбында сейил бак катары калышы керектигин айтышууда. Ал үчүн тиешелүү аракеттерди көргөн эмес деп, мэриянын кызматкерлерин айыпташты. Жер талаштуу экенине карабай, курулуш иштери үчүн даярдалып, бочкалар алынып келип коюлганы таң калыштуу дейт депутаттар.

Май куюучу жайга жакын жайгашкан үйдүн тургуну Венера Чоноева “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Бул жерге май куюучу жайдын курулуп жатканы туура эмес. Жолдун аркы бетинде болсо үйлөр турат. Бир үй эмес, бир канча үй, эки миңдей тургун бар. Биздин өкмөт элдин ден соолугун ойлош керек да.


"Жеңиш" паркындагы "Ала-Тоо" рестораны.
"Жеңиш" паркындагы "Ала-Тоо" рестораны.


Бишкектин түштүгүндө орун алган “Жеңиш” сейил багындагы “Ала-Тоо” ресторанынын курулушунун мыйзамдуулугу да депутаттар арасында күмөн жаратты.
Тиешелүү документтерди алгандан кийин буга да баа беребиз дейт депутат Галина Скрипкина:

- Азыркы учурда бизге документтерди берише элек. Ошолорду бергенде биздеги документтерди карап, эмне салуу пландалган, ал эми иш жүзүндө эмне курулгандыгын салыштырып көрөбүз. Булар азыр бизге сейил бактын аймагына ресторан курууга болот деп түшүндүргөнгө аракет кылып жатышат.

“Ата Түрк” багында курулуштар уланууда

Жумушчу топ “Ата Түрк” сейил багында да болду. Эл өкүлдөрү Бишкек мэриясы сейил бактагы курулушка деп мыйзамсыз берилген жерлерди кайтарып алуу боюнча аракеттерди көргөн эмес, тескерисинче аларды мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүп жатат деп санашууда. Ошондой эле Социал-демократтар фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев мындан бир ай мурда азыркы мэр Иса Өмүркулов 2010-жылдан бери эле бир катар сейил бактардагы жерлерди мыйзамсыз сатып жибергенин айтып чыккан болчу.

"Ата Түрк” паркындагы “хан сарайлар”. КСДП депутаттык жумушчу тобунун башчысы Галина Скрипкина мэриянын кызматкерлери менен.
"Ата Түрк” паркындагы “хан сарайлар”. КСДП депутаттык жумушчу тобунун башчысы Галина Скрипкина мэриянын кызматкерлери менен.

Бирок Бишкек мэриясы бул маалыматтарды четке кагып келүүдө. Борбор калаанын вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев буларга токтолду:

- 2010-жылдын март айынан тартып 1 квадрат жер эч кимге берилген эмес. "Ата Түрк" паркынан Иса Өмүркуловдун тушунда 50 гектар жер берилип кетиптир деген сөз болуптур. Бул туура эмес, чындыкка жатпайт деп мен расмий айтам. 2010-жылдын март айынан баштап, "Ата Түрк" паркынан бир да жер берилген эмес. Мурдагы мыйзамсыз бөлүнүп кеткен жерлерди кайтарып алуу боюнча да аракеттерди кылып жатабыз.

"Ата Түрк" паркында уланып жаткан курулуштар.
"Ата Түрк" паркында уланып жаткан курулуштар.

Депутаттык топ ошондой эле “Бишкек парк” соода үйүндө жана “Карвен клуб плюс” эс алуу борборунда да болушуп, курулуштардын жана жерлердин пайдаланууга берилишинин мыйзамдуулугун да карашты.

Мындан тышкары, Медеров көчөсүндө жайгашкан (Алматы көчөсү менен кесилишет) жерлердин курулуш үчүн пайдаланууга берилиши да депутаттар арасында суроо жаратты. Үстүнөн жогорку чыңалуудагы электр зымы өткөн бул жерлерди Иса Өмүркуловдун токтому менен мэрия 2011-жылы ижарага берген. Бирок адам өмүрү үчүн кооптуу деп саналган бул жерлердин курулуш үчүн берилиши боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы иш козгогон экен.


Апрель айынын башында Киев көчөсүндөгү “Бишкек парк” соода борбору ачылганда андагы коомдук аялдаманы алып салышкан.
Апрель айынын башында Киев көчөсүндөгү “Бишкек парк” соода борбору ачылганда андагы коомдук аялдаманы алып салышкан.


Социал-демократтар фракциясы беш депутаттан турган жумушчу топту элден түшкөн кайрылуулардын негизинде түзгөн. Жумушчу топ бул маселелер боюнча 14-майда Бишкек мэриясында көчмө жыйын өткөрүп, ошол жерде ар бир маселе боюнча баа берүүнү убада кылууда. Анын жыйынтыгы менен Бишкектин азыркы мэри, ушул эле Социал-демократтар партиясынын өкүлү Иса Өмүркуловдун ишине да баа берилиши мүмкүн дейт депутаттар.

XS
SM
MD
LG