Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Төрт айда 100 миңден ашык бөтөлкө жасалма арак-шарап кармалды


Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Аталган кызмат жыл башынан бери 100дон ашык рейд өткөргөн. Натыйжада баасы 8 миллионго жакын 103 миңдей жасалма арак-шарап алынган. Материалдар тиешелүү мекемелерге, күч органдарына чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.

Учурда жасалма алкоголь продукцияларын чыгаргандарды аныктап, товарларын алуу иш-чаралары улантылып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG