Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Жеке клиникалар орган ооштурууга даярбы?


Түркияда иштеген кыргызстандык хирург Эркин Орозакуновдун катышуусунда былтыр 16-июлда биринчи жолу Кыргызстанда органды алмаштыруу операциясы жасалган.
Түркияда иштеген кыргызстандык хирург Эркин Орозакуновдун катышуусунда былтыр 16-июлда биринчи жолу Кыргызстанда органды алмаштыруу операциясы жасалган.

Кыргызстанда адамдын органдарын жана эт кыртышын көчүрүү же башкаларга жамоо ишин жеке клиникаларга да уруксат берүү жагы каралууда.

Мындай операциялар чет жакта өтө кымбат жасалгандыктан, жүздөгөн адамдар ажалынан эрте каза табууда. Ошондуктан Кыргызстанда салыштырмалуу арзан трансплантацияга уруксат берүү зарыл деп эсептешет айрым адистер. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев болсо жеке клиникаларга уруксат берилсе, бул бизнеске айланып кетиши ыктымал деп чочулап жатат.

"Арай көз чарай" талкуусуна Жүрөк хирургиясы жана орган алмаштыруу илимий институтунун бөлүм башчысы, медицина илимдеринин доктору Жамал Ашымов, Бишкектеги көп профилдүү жеке КАМЭК клиникасынын ээси Эркин Маматов катышты.

“Азаттык”: Кыргызстанда канча адам органын алмаштыруу операциясына муктаж?

"Жасалма бөйрөк" аппараты
"Жасалма бөйрөк" аппараты
Жамал Ашымов: Акыркы статистикалык маалымат боюнча, Кыргызстанда 700дөн ашуун адам диализге кезекте турушат. Анын жок дегенде 30 пайызына трансплантация жасоого мүмкүн же донорлору бар. Ошондо 250 кишиге операция жасаса болот.

“Азаттык”: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бөйрөк трансплантациясы былтыр жайда гана жасалды. Операцияга муктаж болгондор көп, канчалаган адамдар кезек күтүп гемодиализге акчасын коротууда. Мамлекеттик мекемелердин болсо мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ушул шартты эске алганда жеке клиникаларга уруксат берүүгө убакыт келди десек болобу?

Жамал Ашымов: Мен да Марат Калиевдин пикирине кошулам. Уруксат берүүгө такыр болбойт дебейм, бирок азыр Кыргызстанда жеке менчик клиникаларга уруксат берүү эрте деп ойлойм. Алгач мамлекеттик клиникалар көп операцияларды жасап, тажрыйба топтоп, көзөмөлдөөгө жолдорду, ченемдик укуктук базаны түзүш керек. Бизде чет мамлекеттин жеке менчик клиникаларынан операция жасатып келген көп бейтаптар оорусу күчөп бизге түшөт. Эгер жеке клиникаларга уруксат берилсе да ушундай көрүнүш болушу мүмкүн.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Ушундай тобокелдүү операцияларды жасоого кыргызстандык, өзгөчө жеке менчик клиникадагы адистер даярбы?

Эркин Маматов:
Көп жылдан бери эле даяр. Мыйзам жол бербеген үчүн гана операция жасалбай турат. Ал эми бизнес болуп кетиши мүмкүн деген пикирлерге кошулбайм. Андай болушу мүмкүн эмес, бул жөнөкөй эле сөз. Бул түшүнбөгөндүктөн болуп жатат.

Бир да өлкөдө бул маселени соодага айланткан жери жок. Бизде мамлекет өзү эле соодага айлантып жатпайбы, акчасын алып жасап берет. Менчик клиникалар деле ошондой кылат, мүмкүнчүлүк болсо акчасын андан да аз кылганга аракет кылат. Демократияга кадам шилтеген убакта муну токтотуу туура келбейт. Эгер өкмөттүн ооруканалары жакшы деңгээлде болуп, операция жасаса болмок. Бул жагынан караганда өкмөт, министрликтин клиникалары даяр эмес.

Бүгүнкү күндө менчик клиникалардын ушул маселени көтөрүп кетүүсү жеңил болот. Азыр мамлекет кыйналып, каражат башка маселелерге жетпей турган убакта жеке менчик клиникалардын тезирээк бүтүргөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Гемодиализ, лаборатория өзүбүздөн боло тургандай кылып буга чейин эле бардык мүмкүнчүлүктөрдү карап көргөнбүз. Азыр ублардын бардыгы токтоп турганы өкүнүчтүү.

Түркияда иштеген кыргызстандык хирург Эркин Орозакуновдун катышуусунда былтыр жайында биринчи жолу Кыргызстанда органды алмаштыруу операциясы жасалган. Орозакунов Кыргызстан бул багытта абдан артта калганын “Азаттыкка” билдирди.

XS
SM
MD
LG