Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Жогорку Кеңеш Жириновскийдин Кыргызстанга келишине тыюу салды


Кыргыз парламенти бүгүнкү жыйынында орусиялык саясатчы, Мамлекеттик думанын депутаты Владимир Жириновскийди “персона нон-грата” жарыялап, Кыргызстанга келишине тыюу салды. Мындай сунушту депутат Жылдыз Жолдошева көтөрүп, жыйынга катышкан 100 депутаттын 67си колдоп берди. Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, мындай чечимге Жириновскийдин Кыргызстанды кемсинткен, каралаган билдирүүлөрү негиз болду.

Өткөн айда Жириновский орус бийликтеринин Кыргызстандын карызын кечишине каршы болуп, карыздын ордуна Ысык-Көлдү алыш керек деп билдирип чыккан.
Эми Тышкы иштер министрлиги парламент кабыл алган чечим тууралуу Жириновскийди кабардар кылышы керек.

Буга чейин Тажикстан да Орусияга нааразылык нотасын жиберип, Владимир Жириновскийдин теле аркылуу тажиктерди келекелеген сөздөрүнө кыжырдануусун билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG