Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:26

Пан Ги Мун Пхеньянды ракета учуруудан карманууга үндөдү


БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Түндүк Кореянын ракета учурганына камтамасын билдирди. Ишембиде Түндүк Корея кыска аралыкка учуучу 3 ракета учурганын Сеул маалымдаган. РИА Новости агенттигине берген интервьюсунда Баш катчы Пхеньянды мындан ары ракета учуруулардан карманууга жана дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайтууга үндөдү. Ал ошондой эле Түндүк Кореянын ракета учуруусун “провокациялык аракет” катары сыпаттады. Пхеньян Сеул менен Вашингтондун аскердик машыгуусуна жана БУУнун санкцияларына жооп иретинде түштүктөгү коңшусуна жана АКШга сокку ураарын эскертип келген.

XS
SM
MD
LG