Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Кыргызстан - Тажикстан: Чечилбеген чек ара


Ворух тажик анклавы менен Баткендин Ак-Сай айылынын ортосундагы кыргыз чек арачысы. 29-апрель, 2013.
Ворух тажик анклавы менен Баткендин Ак-Сай айылынын ортосундагы кыргыз чек арачысы. 29-апрель, 2013.

18-майда Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны аяктады.

Бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн чек араларды тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровду сөзгө тарттык.

- Курбанбай мырза, Бул жыйында кандай жыйынтыкка жетише алдыңыздар?

- Дүйшөмбүдө өкмөттөр аралык комиссиянын бардык тармактарды камтыган комплекстүү жыйыны өттү. Аны Кыргызстандын делегациясын транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов жетектеп барды. Тажикстан тараптан деле транспорт министри баш болгон делегация катышты. Андагы жетишилген эң негизги жыйынтык катары - Лейлек районундагы Максат -Интернационал жолунун курулушун жандантуу боюнча мурда Кожент шаарында макулдашылган келишимге кол коюлуп, акыркы чечим кабыл алынды. Андан сырткары билим берүү, бажы тармагы боюнча маселелер каралды. Бизге тиешелүү болгон бир эле маселе каралып жыйынтыкка жетиштик. Ал эми буга чейин каралат делген Баткендеги Ак-Сай - Тамдык айланма жолунун курулушун жандантуу боюнча маселе бул ирет каралган жок.

- Максат - Интернационал жолунун курулушуна тажик тарап каршылык билдирип келген да?

-Ооба, ал жерде макулдашылбаган аймакта биз жол үчүн эки көпүрө салып жатканбыз. Ошондуктан алар “бул жер макулдашылбаган жер, көпүрө салынбасын” деп каршылык көрсөтүп жаткан. Анан биз да өзүбүздүн шартыбызды коюп, алардын шалы талаасына биздин аймак менен суу алып өтүүгө каршы чыкканыбызда, биз койгон шартка макул болушту. Ошентип жолдун багыты, көпүрөлөрдүн орду макулдашылып, эки тарап тең кол коюшту.

- Чек ара тактоо иштеринде жылыш болдубу?

- Тажикстандын чек араны тактоо боюнча адистери менен сүйлөшүү болду. Анда кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топ июнь айынын башында жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөлү деген чечимге келдик.

- Өткөн айда чек арадагы чатакка себеп болгон Ак-Сай - Тамдык айланма жолунун курулушун улантуу боюнча сүйлөшүүлөр эмнеге болгон жок?

- Эми бул жолдо биздин пикирибизче, эч кандай деле маселе жок. Алардын аймагына кирген жокпуз, эрежелерди бузган жокпуз. Бир гана Ак-Сай айылындагы бир көчө бар, чек ара өткөн. Жаңы жол да ошонун үстүнөн өтмөк. Бирок ал жерден маселе чыкпастан, эч кандай талаш туудурбаган жерден эле чатак чыгып жатпайбы. Ал жол аркылуу тажик туугандар жайлоолорго чыгышчу, бул жол салынса чыга албай калышат. Эми биз бул маселени чек араны тактоо боюнча жумушчу топтордун июнь айындагы жолугушуусунда караганга аракет кылабыз.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG