Карачиде белгисиз адамдын огунан каза тапкан саясатчы аял Зохра Шахид Хусейндин сөөгү жекшембиде жерге берилди. Анын тажиясына өзү мүчө болгон "Техрик-э-Инсаф" партиясынын миңдеген мүчөлөрү катышты.
Ишембиде өз үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн Хусейндин өлүмү үчүн эч ким жоопкерчиликти алган жок. Бирок өткөн аптадагы парламенттик шайлоодо экинчи болгон "Техрик-э-Инсаф" партиясынын лидери Имран Хан өз партиялашынын өлтүрүлүшүн саясий негизде деп санап, бул үчүн Карачидеги эң таасирдүү атаандашы болгон “Муттахида Кауми" кыймылын айыптады. Бирок бул кыймыл айыптоолорду четке какты.
Буга чейин Имран Хандын партиясы 11-майда бир чөлкөмдө мыйзам бузуулар болгонун ырастап, кайра добуш берүүнү талап кылган. Жекшембиде Карачиде кайрадан шайлоо болуп өттү.
.