Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Чоң-Алай: кен казган кытайлык компаниянын иши убактылуу токтоп турат


Оштун Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Ысмаил Тагаев Кара-Казык алтын кенин казып жаткан кытайлык “Кайди” компаниясынын иши убактылуу токтотулганын “Азаттыкка” билдирди. Жакында жергиликтүү эл менен компаниянын өкүлдөрү жолугуп, талаш-тартыштуу маселелерди талкуулай турганын айтты.

15-майда Чоң-Алайда кенге байланыштуу жаңжал чыккан. Айрым жергиликтүү тургундар алтыны элене элек кен тартып бараткан компаниянын унааларын өткөрбөй, казылган жерине кайра төктүрүп салышкан. Ошол күнү райондун акими сабалганы тууралуу милицияга арыз жазганы маалым болгон.

16-майда райондогу кошмо жыйында кен казган кытайлык компаниянын ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган эле. “Кайди” Кара-Казык кенин 2009-жылдан бери чалгындап, казып жатат. Жергиликтүү эл кытайлык компания мыйзамсыз иштейт, экологияга зыян келтирип жатат деп нааразы болууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG