Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

Жалал-Абаддын бир катар райондорунда сел жүрдү


Аксынын Кош-Дөбө айыл аймагындагы жашоочулар 2 миллион 670 миң сом зыян тартты. Буга 20-майда жааган мөндүр себепкер болду. Андан 375 гектар жерге тигилген айыл чарба өсүмдүктөрү жабыркаган.

Ал эми райондун бир катар айылдарында сел жүрдү. Жаңы-Жол айыл аймагында 25 кожолукту тейлеген автоунаа көпүрөсүнүн жээгин жеп кеткендиктен, жол каттамы кыйындады. Жерге-Тал айыл аймагындагы 550 кожолук таза суусуз калды. Ак-Жал айыл аймагында 29 кожолукту сугат суу менен камсыз кылган түтүк кулаган.

Жалал-Абад облусундагы Токтогул, Тогуз-Торо райондорунун бир катар айылдарында да 20-21-май күндөрү катуу шамал болуп, мөндүр жаап, сел жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов бүгүн билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG