Жекшембидеги акциянын он миңдеген катышуучулары бир жыныстуу никеге уруксат берген мыйзамды жокко чыгарууну талап кылышты. Алар президент Франсуа Олланддын бийликтен кетүүсүн талап кылышты. Демонстрацияны 4 500 полициячы коштоп жүрдү.
Францияда бир жыныстагы адамдарга нике кыйып жашоого жана бала асырап алууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам 18-майда кабыл алынган. Бир жыныстагы адамдарды мыйзамдуу никеге каттоо 29-майда Франциянын түштүгүндөгү Монполье шаарында болмокчу.