Жалал-Абадда ит тиштеген үч жашар кыз жана 19 жаштагы бала кутурмага каршы вакцина алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Кабарчыбыздын айтымында, Сузак районунун Боз-Учук айылында 29-майда үч айлык күчүк үч жаштагы Диана Мамажанованы жана 19 жаштагы Данияр уулу Муратты тиштеп алган. Лабораториялык изилдөөлөр ал күчүк кутурма оорусуна чалдыкканын тастыктады. Окуя болгондон бери Боз-Учук айылында 16 ит атып өлтүрүлдү. (YA/RK)