Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Ошто коомдук-саясий абал тынч


Бүгүн Ош облусунда коомдук-саясий абал тынч. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында болуп жаткан митингдерди колдогон акциялар болгон жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө бүгүн Ошто да нааразылык акциясы болот деген божомолдор айтылган.

Ош шаарында 1-июнь – балдарды коргоо күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтүп жатат. Калаа ортосундагы Навои эс алуу багы кайра реконструкцияланып, балдар күнүнө карата ачылыш аземи болду. Бүгүн бактагы аттракциондук оюндар балдарга акысыз кызмат кылды.

Андан сырткары, облустук филармонияда, Бабур атындагы драмалык театрда балдарга арналган спектаклдер коюлуп жатат.

Ош шаардык мэриясына караштуу Жаштар комитетитинин өкүлдөрү "Алымбек Датка" эс алуу комплексинде балдарга акысыз концерт тартуулап жатат. Иш-чаралар бүгүн кечке чейин уланат. (SE)

XS
SM
MD
LG