Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Бекназаров: Эл козголушуна бийлик күнөөлүү


Азимбек Бекназаров Ала-Тоо аянтындагы митингде. Бишкек, 24-апрель, 2013.
Азимбек Бекназаров Ала-Тоо аянтындагы митингде. Бишкек, 24-апрель, 2013.

“Эл үнү” оппозициялык кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров Жети-Өгүз, Жалал-Абад окуялары боюнча суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Азимбек мырза, Жети-Өгүздө чыккан элдин талабын колдооруңузду айттыңыз. А бийлик өкүлдөрү сизди көшөгө артында уюштурган, каржылаган деп шектенип жатат. Сиздин бул окуяга кандай тиешеңиз бар?
Маекти толугу менен бул жерден угуңуз



Бекназаров: Бийликке нааразы болуп, Кумтөр маселеси боюнча чыгып жаткан элдин талабы менен “Эл үнү” саясий-коомдук кыймылынын талабы, жеке Бекназаровдун он жылдан ашык мөөнөттөн бери Кумтөр мыйзам жолу мамлекеттин колуна алыныш керек, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеш керек деген талабы окшош, бирдей. Мына ушул жерден мен элдин талабын колдоймун. Ал эми көшөгө артында Бекназаров турат, каржылап жатат деген эптеп эле жаман нерселерди мага жабыштырып, Кумтөр маселесин саясатка айландырып жатат деген шылтоо - Кумтөр боюнча келишимди бузбай, анын өмүрүн узарталы деген мамлекеттик бийликтин саясаты.

“Азаттык”: “Эл үнү” кыймылы Кумтөргө баруучу жолду тосуу акциясын өткөрүүгө камданганы Жети-Өгүз окуясына чейин маалым болгон. Мына ушул нерсе далил эмеспи?

Биздин маалыматтар боюнча, радикалдуу кадамдарды бийлик өзү уюштурган. Бийликтин эл ичине киргизген чагымчылары уюштурган. Ошон үчүн аларды жазалай албай, эч нерсе кыла албай же күнөөлүүлөрдү таба албай, көшөгө артында Бекназаров турат деп жатышат.

Бекназаров: Жок. Биз 24-апрелде аянттан таркаганда да айтканбыз, биз жер-жерлерге барабыз, Кумтөр кенинде коррупциялык схемаларды, кимдер күнөөлүү экенин элге түшүндүрөбүз деген максатты койгонбуз. Жер-жерлерде иштерди жүргүзүп жатабыз. Ошол Жети-Өгүздө нааразылык митингине чыккан адамдардын арасында биздин дагы кишилерибиз бар. Бизди колдогондор, “Эл үнүнүн” активисттери бар. Бирок биз мыйзам бузууларга караманча каршыбыз.

Ал боюнча биз 24-мартта Жалал-Абадда элдик курултайда да айтканбыз. 24-апрелде Ала-Тоо аянтында да айттык, биз мыйзамды бузуу менен Кумтөрдү албайбыз, бийликти иштетүү менен алабыз. Мыйзамга салуу менен алабыз. Кумтөр элдин байлыгы, элге алып беребиз дегенбиз.

“Азаттык”: Азимбек мырза, Жети-Өгүздө кырдаал турукташты. Акция токтоду, бүттү. Кээ бир активисттер акция негизги максатына жетпей калды деп жатат. Мисалы үчүн, акцияга чыккандар экологиялык зыянды калыбына келтирүү, 2009-жылкы келишимди бузуу жана кирешени адилет бөлүштүрүү талабын коюп жаткан. Азыр бул талаптар унутулуп калгандай болуп турат. Ошол талаптардын аягына жеткирбегенге саясий лидерлердин жоктугу себеп болду деп жатышат. Буга кандай жооп бересиз?

Бекназаров: Саясий лидерлер бар. Бийлик Кумтөр маселеси башталгандан бери парламентти үч-төрткө бөлдү. Садыр Жапаровдун комиссиясы ишти баштаганда эле бөлө баштады. “Ата-Журт” фракциясын үч-төрткө бөлдү. Саясий лидерлерди элден бөлүп келатат. Ага 2-декабрда спорт сарайында болгон окуя далил. Анда бийлик тарабынан чагымчылар уюштурулуп, "Бекназаров, Тургуналиев чыгып кет" деген саясатты жасашты.

Андан кийин Кумтөрдү көтөргөн депутаттар абакта отурушат. Бул жолу да биз элдин башында туруп, Жалал-Абаддагыдай, Бишкектегидей мыйзам жолу менен талаптарды койгондо чагым уюштурулмак. Көлдө атайын чагымчылар даярдалган. Эсиңерде болсо керек, 2002-жылы Нарынга Үзөңгү-Куушту колдоп барганда ташбараңга алып кууп чыгышкан. Кадырбековду, Мадумаровду, Текебаевди, мени таш менен урушкан. Кечээ күнү да ошондой кылмак. Ошондуктан менимче, бүгүнкү бийлик өзүнүн жүзүн көрсөттү. Бул жерде эл максатына жетпей калбады. Максатына жетти. Анткени бийликтин өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев барып убадасын берип келди. Элди бандит дегени үчүн элден кечирим сурады. Элди шылдыңдаганы үчүн, саруу деп бөлгөнү үчүн элден кечирим сурады. Бул бийликтин жеңилиши. Эгер бийлик убадасын аткарбайбы, анда эртең эле эл жергиликтүү лидерлер менен кайрадан чыгат.

“Азаттык”: Жети-Өгүздө бийлик бандиттерди эл ээрчип кетти деп айыптады. Анан эле мына ошондой адамдардын жардамы менен токтотту окшойт. Шамиль Атаханов менен жолугушууда “Водолаз” атка конгон Максат Абакировдун жүрүшү ушундай ойго түртөт...

Бекназаров: Бул жөнүндө ошол эле Князов да айткан. Ал азыркы бийликтин ишенгени бандиттер деген. Кумтөрдө элдин мыйзам бузууларга, радикалдуу кадамдарга барышына бийлик өзү күнөөлүү. Аны өзү уюштурду. Бизди колдоп жаткан жөнөкөй эл тынч жолу менен, саясий нааразылыктарын билдирип, митингге чыгып, эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бирок ошолордун арасына да чагымчыларды киргизип, радикалдуу кадамдарга барып, анан ошонун баарынын артында Бекназаров турат, саруу туугандары менен дешкен. Элдин арасына киргизген, өздөрү айтып жаткан бандиттери Кыргызстанды дүйнөгө жаманатты кылышты.

Биздин элдин ичиндеги булактарыбыз айтып жатты, келбеңиз, сизге каршы акциялар даярдалып жатат деп. Биздин маалыматтар боюнча, радикалдуу кадамдарды бийлик өзү уюштурган. Бийликтин эл ичине киргизген чагымчылары уюштурган. Ошон үчүн аларды жазалай албай, эч нерсе кыла албай же күнөөлүүлөрдү таба албай, көшөгө артында Бекназаров турат деп жатышат.

“Азаттык”: Жалал-Абадда кырдаал абдан курчуп турат. Андан чыгуу үчүн кандай чечимдер керек?

Бекназаров: Жөп-жөнөкөй эле кадамдарга барыш керек. Бул ошол саясий куугунтукту токтот, Кумтөр үчүн камалган депутаттарды бошот деген эле элдин талабын аткарыш керек. Медер Үсөновду эл өзү шайлап алды. Азыр “Бекназаровдун жакын адамы”, “Бакиевдин адамы” деп ар кандай жаманатты кылып жатпайбы. Бакиевдин жакын адамдарынын баары Атамбаевдин жанында отурат. Карашеви баш болуп. Мен билгенден, Медер Үсөновду Алмаз Атамбаев менен сүйлөштүрөбүз деп алдап алып кетишкен. Менин оюмча, Медер Үсөновду тезинен бошотуп, элге алпарыш керек. Мына ошол жигит элди жөнгө салат. Сүйлөшүү жолу менен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG