Бишкекте жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир өтүп жатат. Анда Москва олимпиадасынын кыргызстандык жеңүүчүсү, азыр Орусияда жашаган Татьяна Колпакова сыйлык тапшырат. Мелдешке Орусия, Иран, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан катышууда. Жылда өтчү турнир быйыл 16-жолу уюштурулууда. Анда спортчулар жеңил атлетиканын 35 түрү боюнча ат салышууда.
Улуттук олимпиадалык комитет Татьяна Колпаковага жана ок атуу боюнча Москва олимпиадасынын чемпиону кыргызстандык Александр Мелентьевге комитеттин алтын орденин тапшырды. (KM/AKu)
Улуттук олимпиадалык комитет Татьяна Колпаковага жана ок атуу боюнча Москва олимпиадасынын чемпиону кыргызстандык Александр Мелентьевге комитеттин алтын орденин тапшырды. (KM/AKu)