Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Иран космосту көзөмөлдөөчү борбор ачты


Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад космосту көзөмөлдөп жана Жерди жандап өткөн объекттерге көз салуучу жаңы борборду ачты. Тегерандан 200 чакырымдай түштүктөгү Делижан шаарындагы борборго президент коргонуу министри Ахмад Вахиди жана башка расмий өкүлдөр менен барды. ИРНА кабар агенттигинин маалыматына ылайык, борбор башка өлкөлөрдөгү агенттиктерге да маалымат берип турмакчы. Вахидинин айтымында, борбордун максаты - Ирандын «космостук инфраструктурасын» коргоо жана «айрыкча өлкөнүн үстү менен учкан жер-жандоочторго» көз салуу.

XS
SM
MD
LG