Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:22

Майлы-Суу: атышууга катышкандар эч бир партиянын мүчөсү эмес


Бул тууралуу Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Замирбек Мисиров билдирди. Анын айтымында, 8-июнь күнү шаардагы “Ак-Марал” кафесинде Айбек Сулайманов жана Талант Надырбеков аттуу адамдардын ортосунда чатак чыккан. Чырдын айынан Надырбеков өзүнө катталган травматикалык тапанчасы менен Сулаймановду беш жолу аткан. Жараат алган Айбек Сулайманов учурда ооруканада, абалы түзүк.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Буга чейин айрым маалымат агенттиктер Талант Надырбековду “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү" деп жазып чыгышкан. Замирбек Мисиров бул маалыматты төгүнгө чыгарып, жаңжалга катышкандар эч бир саясий партияга мүчө эмес экенин билдирди.(EBM\BkA)

XS
SM
MD
LG