Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Чалгын кызматтын сырын ачкан Сноудендин дайыны белгисиз


АКШнын чалгын кызматынын жашыруун электрондук көзөмөл программасы боюнча сырын ачкан Эдвард Сноудендин учурда кайда экени белгисиз.

АКШнын коопсуздук кызматында келишим менен иштеп жүргөн 29 жаштагы Сноуден Washington Post жана британдардын Gardian гезиттери аркылуу жашыруун программа боюнча маалыматты ачыкка чыгарган. Акыркы жолу ал Гонконгдогу мейманкадан чыгып кеткен. Андан соң Сноуден тууралуу кабар жок.

Сноуден буга чейин интернет эркиндиги жогору бааланган Исландиядан саясий башпаанек алам деген үмүтүн айткан. АКШдагы айрым сенаторлор Сноуденди Гонконгдон тезинен алып келүүгө чакырык таштаган. АКШ бийлиги тергөө жүрүп жатат дегенден башка эч кандай комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG