Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары ушул тушта Баткендеги кыргыз-тажик тургундарынын ортосунда бир канча жолу жаңжал чыккан Ак-Сай айылына барышты. Бул тууралуу "Азаттыкка“ облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Улан Рысбеков кабарлады.
Ушул жылдын 27-апрелинде Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушунан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чатак тутанган. Анда ворухтуктар жол куруп жаткандарга кол көтөргөн. Бул окуядан Ак-Сай айылынын 12 жараны жабыркаган, бир нече унаа жана сарай өрттөлгөн. 31-майда ушул эле айылда эки улут өкүлдөрү ортосунда калайман мушташ катталган болчу. (EBM)