Ооган президенти Хамид Карзайдын администрациясы Кабулдагы кечээки жардыруудан 17 адам ажал таап, 39 адам жараат алганын жарыялады.
Жанкечти түшкөн машина Жогорку Сотунун имаратынын кире беришинде жарылган. Кабулдун кылмыш иликтөө кызматынын башчысы, генерал Мухаммед Захирдин айтымында, жардыруудан каза болгондордун көпчүлүгү кечкурун жумуштан чыгып келаткан Жогорку Соттун кызматкерлери болгон.
Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы алды. Алар - эгер соттор талибдерди өлүм жазасына тартуу боюнча чечим чыгара берсе, мындай кол салуулар улана берерин эскерткен билдирүү таркаткан.