Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Атамбаев соңку митингдердин артында ким турганын билет


Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Нарын-1 ГЭСинин пайдубалын түптөө аземине катышкан учурда билдирди. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалымдашынча, Атамбаев өлкөдөгү соңку митингдердин артында кимдер турганын билерин белгилеп, бирок аттарын атаган жок. Президент митинг уюштургандар Кыргызстандын тынчтыгын эмес, “Кумтөрдү” бетине кармап, "башаламандык болсо, кызматка барсам" деген ойлору бар деп айтты.

“Менин төрт жыл мөөнөтүм калды. Мен бардыгын жасаганга үлгүрбөйм, бирок өнүккөн Кыргызстандын пайдубалын түзүп кеткенге мүмкүнчүлүк бергиле”, - деди Атамбаев. Ал ошондой эле элди жер-жерге карап бөлүнбөөгө, бир позицияда турууга чакырды. (TSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG