Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Эрдоган демонстранттарды Гези паркынан кетүүгө кайрадан үндөдү


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган дагы бир жолу демонстрациялардын катышуучуларын парктан кетүүгө үндөдү. Ал жакта түрк өкмөтүнүн оппоненттери чатыр тигишкен.

Жума күнү түрк бийлиги митингдин катышуучуларына парктагы дарактарды кыюу соттун чечимине чейин токтотулганын айтышкан. Түркиядагы толкундоолор дал ушул Гези паркынан башталган болчу. Шаардын жашоочулары бийликтин парктагы дарактардын ордуна соода түйүнүн ачуу демилгесине каршы чыгышкан.

Полиция митингдин катышуучуларын таратуу аракетин көргөндө, миңдеген жарандар көчөгө чыгып, түрк өкмөтүнүн кетишин талап кылышууда.

Демонстрациялар эки жумадан бери уланууда. Митингдер Түркиянын башка шаарларында да өттү. Ишемби күнү манифестанттар дагы деле паркта калып, өкмөттүн кетишин талап кылышууда. (AiK)

XS
SM
MD
LG