Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:44

Батыш Руханинин жеңишин этияттык менен кубаттоодо


Иран -- Хасан Руханинин тарапкерлери анын жеишин майрамдоодо. Тегеран, 15-июнь, 2013.
Иран -- Хасан Руханинин тарапкерлери анын жеишин майрамдоодо. Тегеран, 15-июнь, 2013.

Реформачыл топтор колдогон 64 жаштагы Хасан Рухани Иранда жума күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгында биринчи турда эле шайлоочулардын 50,7 пайыз добушун алып, жеңишке жетти.

Экинчи орунда - Тегерандын мэри Мохаммад Бакар Калибаф. Ага шайлоочулардын 15 пайызы добуш берген. Телекайрылуусунда Рухани өз жеңишин "байистүү баалуулуктардын экстремизмдин үстүнөн утушу" деп атап, дүйнөлүк державаларды Иран менен мамилесин жакшыртууга чакырды.

Шайлоого катышкан Руханиден башка 5 талапкер тең диний лидер Аятолла Хаменеиге ыктаган консерватор саясатчылар болчу. Ирандагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Хасан Руханинин миңдеген тарапкерлери Тегерандын көчөлөрүнө чыгып, анын утушун белгилеп жатышат.

Хасан Рухани өз жумушуна августта киришет.

Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху эл аралык коомчулукту Иран өзөктүк программасын жабышы үчүн ага басым жасоону улантууга чакырды. Жекшемби күнү кабинетинин отурумунда сүйлөп жатып, Нетаняху Ирандын жаңы президенти Хасан Рухани токтоо саясатчы болсо да, Иранга басым жасоону уланта берүү туура болоорун баса белгиледи.

- Ирандагы шайлоолор коңшу өлкөлөрдүн да көңүлүн бурду. Өзгөчө Израилде Ирандагы жаңы президентти шайлоого өтө чоң маани берилди. Себеби кетип жаткан Махмуд Ахмадинежад буга чейин Израилди коркутуп келген, - деди Израилдин президенти Шимон Перес жекшемби күнү Иерусалимде сүйлөгөн сөзүндө.

Батыш өлкөлөрү Руханини этияттык менен куттукташты.

30 жыл мурун Иран менен дипломаттык мамилелерди үзүп салган АКШ шайлоонун жыйынтыктарын “урматтаарын” жана Тегеран өзөктүк сыноолорду өткөрбөгөнүн көрүү үчүн Иран менен “түз” байланыштарга даяр экенин билдиришти.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Жогорку өкүлү Кэтрин Эштон ядролук маселени чечүү үчүн Рухани менен кызматташууга даяр экенин жарыялады.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Иран эл аралык жана регионалдык көйгөйлөрдү чечүүдө "конструктивдүү рол" ойнооруна үмүтөнөөрүн айтты. Орусиянын президенти Владимир Путин Руханини Москва менен байланышты күчөтүүгө үндөдү.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG