Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Депутат Карамушкина "атажуртчу" Жапаровго сөз берүүгө каршы чыкты


Соттон акталып абактан чыгып келген "атажуртчу" депутат Садыр Жапаровго Жогорку Кеңештин борбордук трибунасынан сөз берүүгө депутат Ирина Карамушкина каршы чыкты. Жапаров төрагага кайрылып, ага сөз берүүнү өтүндү. Бирок Карамушкина:

- Мен депутаттарга, айрыкча эркек кесиптештериме кайрылам. Эмне эле ийилип жатасыңар. Эми бул үч депутаттын оюндагыдай боло беришибиз керекпи? Күн тартибинде мындай маселе жок болчу (Жапаровго сөз берүү - ред.), - деди.

Жыйынтыгында төрага бул боюнча талаш-тартышты токтотууну өтүнүп, Жапаровдун өтүнүчүн добушка койду. Көпчүлүк колдоп, депутатка сөз берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG