Пан Ги Мун менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүсү Бээжинде өттү. Мамлекеттик “Синьхуа” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, кытай президенти БУУ башкатчысына Кытай эл аралык талаштарды тынчтык жол менен чечүүнү колдоо аракетин күчөтөрүн айткан. Пан Ги Мун жолугушууга чейин Бээжиндеги лидерлер менен Кытай “корей жарым аралындагы чыңалууну жумшартууга кандай салым кошо аларын талкуулоону” көздөрүн билдирген болчу.
Кытай - Пхеньяндагы режимдин жалгыз өнөктөшү жана азыр Түндүк Кореяны анын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүгө кайра кошулууга түрткү бериши үчүн кысымга кабылып жаткан кези.
Кытай ошондой эле Орусия менен бирге БУУнун Сирия президенти Башар Асаддын режимине каршы санкция киргизүүнү караган резолюцияларына вето салганы үчүн да сынга алынып келинет. (UE)