Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Быйыл өлкө мектептерин 70 миңден ашуун окуучу бүтүрдү


Эртең 70 миңден ашуун 11-класстын бүтүрүүчүлөрү орто мектепти аяктаганы тууралуу күбөлүк алышат. Кыргызстан боюнча 2200дөн ашуун мектепте бир учурда салтанатуу жыйын өткөрүлүп, аттестат менен бирге жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын көрсөткөн сертификат тапшырылат. Бул жылы 209 окуучу мектепти кызыл аттестат менен бүтүрүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, кафе-ресторандарда же башка жайларда отуруш, кече өткөрүүгө тыюу салынган. Эртең милициянын үч миңге чукул кызматкери коомдук тартипти сактоого чыгат. (AKu)

XS
SM
MD
LG