Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Таласта кен иштетүүгө каршы митинг өтөт


Бүгүн Талас шаарында Кумтөр кенин улутташтыруу талабы менен митинг өтөт. Аны “Талас ынтымагы” кыймылы уюштурууда. Аталган кыймылдын төрагасы Серен Шейшеновдун “Азаттыкка” билдиришинче, митингде Кумтөр кениндеги экологиялык зыяндардын ордун толтуруу жана канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу талабы коюлмакчы.

Аталган кыймылдын өкүлдөрү Таласта апрель айында кендерди иштетүүгө каршы нааразылык акцияларын уюштурган. Анда Кумтөр маселеси чечилмейинче облустагы Жерүй, Талды-Булак кендерин иштетүүгө мораторий жарыялоо талабы коюлган. (BkA)

XS
SM
MD
LG