Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Мурсиге экинчи күнгө чейин кетүү талабы коюлду


Египеттеги каршылык акцияларын баштаган оппозициялык кыймыл президент Мохаммед Мурсинин кетишин талап кылууда. Rebel («Козголоңчу») кыймылы Мурси кызматтан кетпесе жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрбөсө, ал жарандык баш ийбөөчүлүккө тушугаарын эскертишти. Бул уюмдун өкүлдөрү ушул талапты колдогон 22 миң кол топтогонун жарыялашты.

Египетте жекшемби күнү полиция менен демонстранттар кагылышып, 5-7 адам каза болгону кабарланууда. 600дөн ашуун адам жараат алды.

Демонстранциялар президенттин бир жылдык мөөнөтүнө карата уюшулган. Бир жыл мурун Мохаммед Мурси биринчи демократиялык президенттик шайлоодо утуп чыккан эле. (AiK)

XS
SM
MD
LG