Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:15

Аксыдагы селден жабыр тарткандар жок


Аксы районунун Авлетим айыл аймагында 30-июнь күнү саат
21:30 чамасында Дерес айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел
жүргөн. Сел жана шор суулары өтүүчү канал толуп калгандыктан,
суу төрт үйдү каптаган. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Адам  өмүрүнө жана турак-жайларга зыян келген эмес. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, чыгымдарды эсептөөдө. Бул тууралуу чукул кырдаал министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов  1-июлда “Азаттыкка” билдирди.(YA)

 

XS
SM
MD
LG