Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

“Кыргызгаз” Орусияга өткөнү калды


Орусия “Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу тууралуу келишимдин долбоорун караганы жатат.
Орусия “Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу тууралуу келишимдин долбоорун караганы жатат.

Кыргыз тарап “Кыргызгазды” сатууга байланышкан бардык маселелерди чечип, орус өкмөтүнүн жообун күтүүдө.

“Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу тууралуу келишимдин долбоорун Орусиянын өкмөтү ушул жумада карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев маалымдады. Анын алдында сатууга даярдык катары “Кыргызгазпром” ишканасы түзүлгөнү, ага “Кыргызгаздын” бардык активдери өткөнү кабарланган.

Министр Осмонбек Артыкбаевдин маалымдашынча, кыргыз тарап “Кыргызгазды” сатууга байланыштуу бардык маселелерди чечти. Эми орус өкмөтүнөн жооп күтүүдө:

- “Газпром” менен “Кыргызгаздын” маселеси боюнча келишимдин долбоору биздин парламентте макулдашылып, расмий түрдө биз аны Орсиянын өкмөтүнө макулдашуу үчүн жөнөткөнбүз. Эми ушул келишим 4-июлдарда каралат деген маалымат келип жатат. Орус өкмөтү макулдугун берер замат биз кол коюуга чыгабыз.

Жогорку Кеңештеги Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Кожобек Рысбаев “Кыргызгазды” Орусияга сатуунун пайдалуу жактарын санап берди:

- Өзүбүздө газ жок, аны Казакстан менен Өзбекстандан алабыз. “Кыргызгаздын” мойнунда карызы да бар. Андан сырткары газ куурларынын баары жедеп эскирип бүткөн. Аны Орусияга берсек, ал толугу менен орустарга өткөндөн кийин, газ үзгүлтүксүз берилсе, “Газпромдогу” күйүүчү майлардай эле бизде ар дайым газ болот деген жакшы ойлор бар. Ошондуктан алардын алып алганы бизге пайдалуу. “УзТрансгаз” менен “КазТрансгазга” караганда газдын баасы да арзаныраак болот го деген жакшы ой бар.

Ал арада сатуу иштерине байланыштуу “Кыргызгазпром” ишканасы түзүлгөнү, ага “Кыргызгаздын” укук-милдети, бардык мүлкү, активдери өткөнү маалым болду.

Соңку жылдары Кыргызстанда айрыкча кыштын кыраан чилдесинде газ маселеси чыгат. Ар кандай себептерден улам бирде Казакстан, же Өзбекстан берилген газдын көлөмүн чектеп коёт.

Өткөн жыл этегинде президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте маалымат жыйында мындай маселелер “Кыргызгазды” орустарга сатмайынча чечилбей турганын айткан болчу. Өлкө башчысы элди газ менен тыңдап тейлей албаган, карызы баштан ашкан ишкананын үстүнө акча кошуп берсе да аздык кыларын кыйыткан:

-“Кыргызгазды” 1 долларга сатмак түгүл, керек болсо үстүнө акча кошуп берет элем. Кыргызстанга “Кыргызгаз” эмес, газ керек. Ишкананы 1 долларга берди деген - тизелеп калды деген эмес. Ошол эле эң күчтүү деген Германия убагында бир топ заводдорун 1 маркага берген.

Атамбаев “Кыргызгазды” сатып алганы жаткан “Газпромго” бир топ талаптар коюлуп жатканын белгилеген. Ага ылайык, газ жыл бою үзгүлтүксүз берилип турушу керек. Экинчиден, баасы арзан болуп, үчүнчүдөн - 500 миллион доллар инвестиция салышы шарт жана төртүнчүдөн, Кыргызстанда газ чалгындоону улантышы зарыл.

“Кыргызгазды” Орусияга сатуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү соңку бир топ жылдардан бери сүйлөшүп келет.

“Газпром” “Кыргызгаздын” 100 пайыз акциясына ээлик кылууга кызыкдар экенин, ошондой эле 5 жылдын ичинде 20 миллиард рубль инвестиция берүүгө даярдыгын айткан.

XS
SM
MD
LG