Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын ордуна сынак жарыялады


Бул тууралуу бүгүн парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, ушул жылдын 15-августуна чейин Жогорку Кеңештеги фракциялар, коомдук уюмдар жана саясий партиялар акыйкатчылыкка талапкерлерди көрсөтө алат. 30дан жаштан 65 жашка чейинки кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган Кыргызстандын жарандары акыйкатчылык орунга талапкерлигин койсо болот.

Буга чейин “Мыйзамдагы ууру” аталган Азиз Батукаевдин ишин иликтеген депутаттык комиссия Акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин кабыл алган. 27-июнда Жогорку Кеңеш ал чечимди колдоп берген. Бирок Турсунбек Акун бул корутундуну мыйзамсыз атап, Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылганын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG