Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Кыргызстандагы коррупция деңгээли боюнча иликтөө жарыяланат


Transparency International эл аралык уюму бүгүн “Дүйнөдөгү коррупциянын барометри” деп аталган иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялайт. Анда өлкөдөгү коррупциянын деңгээли сурамжылоо менен аныкталган. Уюмдун Кыргызстандагы борборунун төрагасы Адылбек Шаршенбаевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, мындай иликтөө Кыргызстанда алгач ирет жүргүзүлдү.

Аталган уюм бир канча жылдан бери Кыргызстандагы коррупцияга көз караштардын деңгээлин иликтеп, жыйынтыгын жарыялап келет. Былтыркы жыйынтыкка ылайык, Кыргызстан 176 мамлекеттин ичинде (100 баллдык ченемден) 24 балл топтоп, 154-орунду алган. Мындай тыянак Кыргызстан жылдагыдай эле эң коррупциялашкан мамлекеттердин катарында турат дегенди билдирет. 2011-жылы 182 өлкөдөн 164-орунду алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG