Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Сириядагы козголоңчулардын зарин газын колдонушканын далилдеген фактыларды өткөрүп берди. Элчинин айтымында, орусиялык эксперттерге Алеппо шаарынын жанындагы Хан ал-Ассал деген жерге барууга уруксат берилген жана алар Чуркин ырастагандай дал өзүнөн чогулта алышкан. Элчи орусиялыктар жүргүзгөн иликтөөдө козголоңчулар 19-мартта Хан ал-Асалга “Башар” деген 3 ракетаны атышканын, андан өкмөттүк күчтөрдүн 16 жоокери, жалпы жонунан 26 киши набыт кеткени маалым болгонун билдирди.
Чуркин кошумчалагандай, БУУга өткөрүп берилген 80 барактан турган отчетто Хан ал-Асалда зарин газы пайдаланганын далилдеген так фактылар келтирилген жана "уулуу газды куралчан оппозиция пайдаланган деп айтууга толук негиз бар", - деди Орусиянын Улуттар уюмундагы өкүлү. Батыш өлкөлөрү болсо сириялык көтөрүлүшчүлөрдүн химиялык курал колдонгонун көргөзгөн далилдер жок деп ырасташууда.