Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Сарпашев: Ички дүң өнүм 8% өстү


Кыргызстандын ички дүң өнүмү быйылкы жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын алгачкы алты айына салыштырганда 8% өстү. Бул тууралуу бүгүн Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун депутаттары, жергиликтүү бийлик, бейөкмөт жана коомдук уюм өкүлдөрү менен жолугушууда вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев айтты.

Кара-Балтадагы мунай заводу ишке кирсе жана Кумтөр кайра иштей баштаса, ички дүң өнүмү 10%га жетүүсү ыктымал. Айыл чарбага быйыл сырттан 475 даана трактор келди, бирок миң даана комбайнер жетишпейт. Бизнести өнүктүрүүгө 7% үстөгү бар 4,5 миллиард сом кредит берилет. Мамлекеттик материалдык резерв фонду 50 миң тонна буудайды өлкө ичиндеги өндүрүүчүлөрдөн
базардагыдан арзан баада сатып алат. Анткени менен материалдык резев фонду керектөөчүлөрдөн 1 миллиард сом карызын өндүрө элек.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG