Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:47

Казак элчилиги: Таласта суу буугандарды тез арада токтотуу керек


Таласта казак тарапка кетчү сугат суунун буулушу боюнча Кыргызстан тез арада чара көрүүсү керек. Мындай билдирүүнү бүгүн Казакстандын Бишкектеги элчилиги таратты. Анда бир жумадан бери суунун жоктугунан Жамбыл облусунун Жуалын районунун дыйкандары гана эмес, төмөн жакта жайгашкан кыргыз айылдары да жапа чегип жатканы айтылат.

"Мындай тартип бузуу чек арадагы суу ресурстарын бирге пайдалануу келишимдерине жана эл аралык укук нормаларына карама-каршы келет", - деди "Азаттыкка" элчиликтин маалымат катчысы Гали Шаймаков.

7-июлдан бери Таластын Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын айрым тургундары Жамбылга кетчү сугат каналды бууп турат. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгууда. (RK)

XS
SM
MD
LG