Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Ысык-Көл: жол кырсыгынан дагы бирөө каза болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук оорукананын директору Токтобай Маанаев кабарлады. Анын айтымында, 1968-жылы туулган Назира Шаршеналиева бүгүн эртең менен ооруканада көз жумду. Облустук ооруканага түшкөн алты адамдын экөө учурда реанимация бөлүмүндө жатат.

“Реанимацияда жаткан Гүлсара Акылбекованын абалы орто, ал эми Нуржан Абдрахманованын абалы оор. Азыр аны операцияга алып кирип кетишти. Түндө Бишкектен санавиация менен дарыгерлер келишкен. Травматология бөлүмүндө жаткан калган төртөөнүн абалы орто”, - деп билдирди Маанаев.

23-июлда күндүзгү саат төрт жарымдар чамасында Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичи автобус жол кырсыгына учураган. Кырсык болгон учурда 10 адам мүрт кетип, 4 адам кийин ооруканада каза тапты. Учурда 8 адам Караколдогу облустук ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен бирөөнүн абалы оор экени айтылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кичи автобустун айдоочусу катуу ылдамдыктан улам унааны башкара албай калганы кырсыкка себеп болгонун билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG