Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Ноокаттын тургуну кул кармап келгенби?


"Кул ээлөөчү" атыгып жаткан Таалайбек Ботобаевдин үйүнүн жанындагы жаңы куюлган кыштар. Ноокаттын Шаңкол айылы, 26-июль, 2013.
"Кул ээлөөчү" атыгып жаткан Таалайбек Ботобаевдин үйүнүн жанындагы жаңы куюлган кыштар. Ноокаттын Шаңкол айылы, 26-июль, 2013.

Ички иштер министрлиги Оштун Ноокат районунда жашаган Таалайбек Ботобаев үйүндө 4 кул кармап келгенин жарыялады.

Бул иш боюнча кылмыш ишин козгоо үчүн милиция учурда далилдерди топтоп жатат. Бошотулган адамдар болсо кайда бараарын билбей турушат. Ал эми "кул кармады" деген тарап алар курсагы үчүн гана үйүндө жашап келгенин айтууда.

Бир жылдан бери Ноокаттын Шаңкол айылында кул катары иштеп жүргөн делгендердин бири Машраб Калбаев өзү Араван районунун тургуну. Анын айтымында, Ошто жумуш издеп жүрүп, келишим менен ушул жакка келип иштеп калган. 50 жашка чукулдап калган Калбаев ал жерде ур-тепкиге да кабылганын айтат:

- Биз ал жерде мал бакчубуз. Талаага да чыгып турчубуз. Анан көбүнчө кыш куят элек. Ылай-пылай кармаганда чынын айтсам кыйналчумун. Анча-мынча иш кылбай койсоң урчу. Өзүбүз кетип калалы десек пулубуз жок. Таксиге бергенге акчабыз жок. Бирөөгө чалып, алып кеткиле дейин десек телефонубуз жок. Төртөөбүзгө бир нан берчү, ошону бөлүп жейт элек. Анан иштеген акчабызды деле төлөшпөйт эле.


Кулчулукта кармалган делгендердин үчөөсү. Ноокат, 26-июль, 2013.
Кулчулукта кармалган делгендердин үчөөсү. Ноокат, 26-июль, 2013.

Калбаев кыргыз. Акы албай иштеп жүргөн деп эсептелгендердин дагы бири Алексей Комар беларус, Расул Ахунов жана Ислам аттуу адамдар өзбек улутунан экен. Беларус улутундагы кишинин жарандыгы азырынча тактала элек, Ислам болсо Өзбекстандын, калган экөө Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Булардын үчөө былтыркы жаздан, бири өткөн күздө бери аталган үйдө кулчулукта кармалып келгени айтылууда.

Милиция үчөөсүн учурда Ноокат шаарындагы “Сахаба” эс алуу жайындагы жеке чайханага, Алексей Комарды башка айылга убактылуу жайгаштырды. Күч органдары мындан ары аларды эл аралык уюмдардын кризистик борборлоруна тапшырганы турат.

Бул факты боюнча учурда кылмыш иши козголо элек. Күч органдары буга атайын далилдерди топтоп жатканын айтышты. Ички иштер министрлигинин онунчу бөлүмүнүн билдирүүсүнө ылайык, 4 адамды Ботобаев өтө начар санитардык-гигиеналык абалда кармаган.


Сөз Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдо:

- Ноокат районунун жашоочусу төрт адамды мажбурлап, ошол жерде кыш куйдуруп, анан ал кыштарды өзү алып чыгып сатып турган. Азыр бул боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, каттоого алынды. Кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Таалайбек Ботобаев өзү биз барган кезде үйүндө жок болуп чыкты. Туугандары болсо бул адамдар курсагы ачып, көчөдө калгандыктан үйлөрүнө киргизип алгандыгын айтууда. Ботобаевдин кызы Элиза мындай дейт:

- Атам алардан “мен силерди шаарга алып барайын, кетесиңерби?” деп сураган. Анан алар “биздин бара турган жайыбыз жок, каякка барабыз, ушул жерде эле жүрө берели” дешкен. “Таалай бизди иштеткен, акчасын бербей койгон, урган” деген сөздөрүнүн баары жалган. Өздөрү көчөдө ак чыпталарды көтөрүп алып, селсаяк болуп жүрсө, анан менин атам аларды өлүп калбасын деп, боору ачып, үйгө алып келип, багып атса, анан дагы ушинтип айтканы туура эмес да. Өздөрү “аке, биздин курсагыбызды тойгузсаңыз эле болду, биз ишиңизди кылып бере беребиз”, - деп айтышкан. Биз аларга өзүбүз ичкендей тамак берчүбүз, жыртык кийимдерин ыргытып, бүтүн кийим берчүбүз. Эми ушинтип өзүбүз кылган жакшылык кайра өзүбүзгө мүшкүл болуп атат...

Таалайбек Ботобаевдин иниси Куттубек да төрт адамдын “уруп-сабалдык” дегенин четке кагат:

- Бул жерде эч ким эч кимди кул кылган эмес. Бул таптакыр акылга сыйбаган иш. Балким бул кайсы бир көрө албастардын эле жасап аткан ишидир. Ушул заманда ким кимди кул кыла алмак эле? Эй, туугандар, ойлонсоңор. Алар селсаяк болгону аз келгенсип, өздөрү бири-бири менен мушташа берчү. Аларды тыйып турчубуз. Бир жакка чыкса жоголуп кетет, башы оогон жакка кете беришет, аны көзөмөлдөш керек. Кышкысын болсо суукта тоңуп өлүп калбасын деп карап турдук. Эгерде коё берип ийсек, бир жерге барып өлүп калмак.

"Кул ээлөөчү" атыгып жаткан Таалайбек Ботобаев айылда дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет экен. Кызыгы, туугандарынын айтымында, кырктын кырын ашып калса да анын өз үйү жоктугунан, үй-бүлөсү менен карындашына караштуу үйдө жашайт экен. "Ушундай карапайым киши кантип бирөөлөрдү кулчулукка алмак эле", - деп алакан жайышты биз менен сүйлөшкөн анын туугандары.

Эми бул жерде чын эле кулчулук фактысы болгонбу же жокпу – тергөө аныктайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG