Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Ливияда түрмөдөн 1 миңден ашуун арестант качып кетти


Ишемби күнкү Бенгазия шаарынын ыптасындагы ал-Квейфия түрмөсүнөн качуу - бул күнү өлкө боюнча болгон массалык демонстрациялар менен байланышы барбы, белгисиз. Коопсуздук кызматтарынын билдиришинче, кароолдор абактан качмак болгон үч адамга ок ачкандан кийин арестанттар тополоң башташып, абак жайга өрт коюп жиберген. Ошол замат абактын сыртына куралчан адамдар келип, аресттантарды качыруу үчүн күзөтчүлөргө ок жаадырган. Бул күнү демонстранттар Ливиянын “Мусулман айындарды” сындаган активистти өлтүрүүгө нааразылык билдиришип, кыймылдын кеңселерине чабуул коюшту. Ишемби күнү нааразылык чыгуулар куралга толгон жана согушчандар өзүн эркин сезген Ливиядагы катаал кырдаалдын бир көрүнүшү.

XS
SM
MD
LG