Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Израил-Палестин сүйлөшүүлөрү уланат


АКШдагы жолугушууда бүгүн Израиль жана Палестин өкүлдөрү алдыдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жол-жобосун талкуулашат. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы Вашингтондо кечээ жанданды. Муну утурлай Мамлекеттик катчы Жон Керри АКШнын Израилдеги мурдагы элчиси Мартин Индикти Кошмо Штаттардын тынчтык сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү кылып дайындады.
Мамлекеттик катчы Жон Керри өз сөзүндө:

- Алдыга жылуу абдан татаал иш экендиги эч кимге жашыруун эмес. Жеңил болгондо бул мурда эле ишке ашмак. Биз татаал, символикалык жана эмоционалдуу маселелер боюнча акылга сыярлык мунасага умтулгандыктан жетекчилер сүйлөшүүчүлөр үчүн алдыда оор тандоолорду жасоо талап кылынат.

АКШ президенти Барак Обама кечиндеги билдирүүсүндө сүйлөшүүлөрдүн жандануусун “көптү убада кылган” кадам деп баалады. Израиль менен Палестинанын тынчтык сүйлөшүүлөрү 2010-жылдан бери токтоп калган. Сүйлөшүүлөр кайра жанданар алдыда Израиль 104 палестинди абактан чыгарды.

XS
SM
MD
LG