Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Нарында "хизбутчулар" көбөйдү


Кыргызстандын коопсуздук комитети "Хизб-ут Тахрир" уюмунун Нарындагы тобунун башчысын камакка алды.

Расмий булактар тыюу салынган бул уюм өз идеяларын жер-жерлерде жайылтуунун жаңы усулдарын пайдаланып жаткандыгын тастыкташууда. Эксперттер диний-экстремисттик идеялардын канат жайышына социалдык муктаждыктар жана маалыматтын жетишсиздиги таасир этип жаткандыгын айтышууда.

“Хизб-ут Тахрир” экстремисттик уюмунун аймактык тобунун камакка алынган башчысынын ысымы тергөө кызыкчылыгы үчүн деп аталган жери жок.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынын өкүлү Жоодар Исакуновдун “Азаттыкка” билдиришинче, ал 1 ай мурда камакка алынган:

- 27-июнда бул жарандын ата-энесинин үйү тинтүүгө алынды. Анда көптөгөн тыюу салынган диний-экстремисттик багыттагы адабияттар, компакт-дисктер табылды. Учурда шектүү Нарын шаарындагы №4 тергөө абагында кармалып турат. Бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Исакуновдун айтымында, шектүүдөн алынган адабияттардын арасында бийликти оодаруу жана диний мамлекетти түзүү боюнча баш мыйзамы да болгон.

Күч органдары буга чейин “Хизб-ут Тахрирдин” ишмердүүлүгү анча байкалбаган Нарын дубанында соңку жылдары бул уюм активдүүлүгүн күчөткөнүн, болгондо да анын катарында мамлекеттик түзүмдөрдө иштегендер пайда боло баштаганын билдиришүүдө. Маселен, жыл башынан бери уюмдун аймактагы активдүү үч жетекчиси кармалган. Алар мамлекеттик мекемелерде, мектепте, шаардык жылуулук ишканасында, облустук акимиятта иштеп жүрүшкөн.

Ички иштер министрлигинин экстремизм менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Эмил Жээнбековдун айтымында, “Хизб-ут Тахрир” өлкөнүн башка аймактарындай эле Нарында да өз таасирин жайылтуу үчүн жаңы ыкмаларды колдонууда:

- Акыркы жылдары экстремисттик уюмдардын көбүрөөк коркунуч жаратканы байкалууда. Алар өз идеяларын жайылтуу үчүн жаңы ыкмаларды колдонуп жатат. Маселен, алар өз катарына таасирдүү адамдарды, жаштарды, аялдарды тартып, алар аркылуу үгүт иштерин жүргүзүп жатат. Муну менен катар жаңы технологиялык каражаттарды колдонуп жатышат.

Жээнбековдун айтымында, күч органдары буга жараша көзөмөлдү күчөтүүгө аракет кылууда. Бирок талдоочулар күрөштүн натыйжасы анча байкалбай жатканын айтышат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талдоо, диний уюмдары жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Маметбек Мырзабаевдин айтымында, “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөлөрү акыркы учурда ар кыл социалдык, саясий көйгөйлөргө жамынып алып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө аракет кылышууда:

- Нарында мындай уюмдар мурдатан эле болгон. Анын көбөйүп жатканы деле айтылып жаткан. Маселен, биз Нарында семинар өткөрсөк ал жакка чейин келип, биз менен талашканга аракет кылган учурлар болгон. Анан биздин социалдык-экономикалык абалга жараша экстремисттик уюмдардын активдүүлүгү байкалып жатат. Мисалы, Кумтөрдө маселе чыкканда деле булар кошула калып, орчундуу маселелерди көтөргөн сыяктуу болуп элдин башын айлантпадыбы. Ошол сыяктуу азыркы учурда абалга жараша булардын катышы көрүнүп жатат.

Ал эми Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев дин тууралуу терең түшүнүгү жок адамдар ислам деген ушул экен деп мындай уюмдардын идеяларына сугарылып жатканын билдирүүдө:

- Чындыгында эле Нарында мындай көрүнүш байкалып жатат. Кимдир бирөөлөрдүн тымызын иштеп жатканы белгилүү эле нерсе да. Бул боюнча биз айылдарга барып, УКМК менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө аракет кылып жатабыз. Бирок диний түшүнүгү терең болбогондор дин деген ушул экен деп ушул жакка кетип калышууда.

Негизинен “Хизб-ут Тахрир” уюму Кыргызстандагы тыюу салынган уюмдардын ичинен ислам халифатын куруу максатын көздөгөн жана кеңири жайылган уюм саналат. Ага 2004-жылы эле расмий тыюу салынган. Буга карабастан өлкөнүн бардык аймактарында ар кыл жол менен өз идеяларын тынымсыз таратып келатканы айтылып келет. Бул уюмдун Кыргызстанда канча мүчөсү бар экени тууралуу такталган маалымат жок.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG