Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Нарында бир “хизбутчу” алты жылга кесилди


Нарындагы мечиттердин бири. (Сүрөттүн бул окуяга тиешеси жок).
Нарындагы мечиттердин бири. (Сүрөттүн бул окуяга тиешеси жок).

Нарында "Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөсү делген Рамис Асаналиевди сот 6 жылга эркинен ажыратты. Ага улуттук, расалык, диний жана аймактык араздашууну козуткан деген кине тагылган.

Нарындагы “Жылуулук” ишканасынын 28 жаштагы кызматкери Рамис Асаналиев улуттук, расалык, диний жана аймактык араздашууну козуткан, Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмунун ишине аралашкан деген айып менен 6 жылга эркинен ажыратылды. Асаналиев ушул жылдын сентябрь айында диний-экстремисттик мазмундагы баракчаларды таратып жүргөндө кармалган. Үйүнөн да материалдар табылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Нурлан Токталиев буларга токтолду:

- Соттун чечими боюнча Асаналиев Кылмыш кодексинин 299-беренесине ылайык, улуттук жана диний, аймак аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракети көрсөтүлгөн кылмыш белгилерине ылайык жана тыюу салынган «Хизб-ут Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн 6 жылга эркинен ажыратылды жана 3 жылга мамлекеттик кызматты аркалоого тыюу салуу чечими кабыл алынды.

Ал эми соттолгон жарандын агасы Келдибек Асаналиев иниси аталган уюмдун мүчөсү экенине ишенбейт:

- Ошол иним эмне менен алек болду деп кызыгып, өзүм аралашып көрдүм. Бул жерде эч кандай экстремисттик, бирөөнү өлтүр же бийликти басып ал деген нерсе жок экен. Анан мындай ойлоп көрсөм, киши өлтүргөндөр деле, акча жегендер деле соттолбой жүрөт. Ошол тараткан барактарын окуп көрдүм. Мухаммед пайгамбарды шылдыңдап америкалыктар кино тарткан экен. Ал тасманы көргөн башка адам деле адам жини келет. Анан иним пайгамбарды жактап эле кагаз тараткан экен.

“Жылуулук” ишканасынын мурдагы жетекчиси Улан Айтиев кызматкери жөнүндө буларды айтып берди:

- Жүрүм-туруму аябай жакшы болчу. Активист, ишеничтүү, беш маал намазга жыгылган, колунан баары келген уста болчу. Анан биз анын мындай экенин билген да эмеспиз, байкачу да эмеспиз.

Дин иштери боюнча долбоор менен иштеген “Нур жол бер” коомдук уюмунун жетекчиси Сүйүн Жумалиева катталбаган жана көзөмөлдөн оолак калган мечиттерде исламдын атын жамынган күмөндүү диний агымдар иштерин жүргүзүп жатат деп эсептейт:

- Диний экстремизм боюнча иш жүргүзүп, бүт мечиттерди кыдырганбыз. Ошол мечиттерди көбүн ар ким салдыргандыктан көзөмөл жок. Алардын ичинде эмне окулуп жатканы белгисиз. Изилдеп келгенде мен ушундай тыянакка келдим, экономикалык жактан начар райондордо мындай уюмдарга тартылгандар көбүрөөк экен. Мисалы, облус боюнча Жумгал районунда салафизм күч алган.

Нарын облустук ички иштер башкармасынын маалыматы боюнча, учурда облус боюнча “Хизб-ут Тахрир” уюмунун 20 мүчөсү каттоодо. Булардын ичинен төртөө “Хизб-ут Тахрир” уюмунун идеяларын тараткандыгы үчүн сот жообуна тартылган.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG