Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Террордук уюмдун мүчөсү делген адам кармалды


Мамырасул Юсупов, кармалган Сарвар Юсуповдун атасы. Ал уулунун "экстремист" деп кармалганына ишенбей турат.
Мамырасул Юсупов, кармалган Сарвар Юсуповдун атасы. Ал уулунун "экстремист" деп кармалганына ишенбей турат.

Оштун Ноокат районунда үй-бүлөсүн Ооганстанга күчтөп алып кеткенге камынып жаткан деген жаран кармалды.

Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү делген адамдын аялы милицияга арыз жазып, ошонун натыйжасында иликтөө иштери жүргөн. Кармалган жарандын жанынан беш огу менен тапанча жана тогуз даана экстремисттик маанайдагы дисктер табылган. Бирок колго түшкөн Сарвар Юсуповдун туугандары укук коргоо органдарынын мындай маалыматтарын четке кагууда.

Өзбекстан ислам кыймылынын активдүү мүчөсү делген Сарвар Юсупов Ноокат районунун Мирмахмудов айылында өз үйүнөн чыгып бараткан жерде колго түшкөн. Милициялар аны бир айча акмалап жүрүп араң кармашканын айтышат.

Ички иштер министрлигинин түштүк бөлүмүнүн маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев «Азаттыкка» мындай деди:

- Бул боюнча учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. 10-бөлүмдүн адистеринин маалымдашынча, Сарвар Юсупов үч баласы жана аялы Мадинаны алып, Ооганстанга качып кетүүгө камынган. Бирок ага аялы макул болбой милицияга кайрылган.

Ал арада окуянын жаңы өңүттөрү да ачыкка чыга баштады. Юсупов кармалаар күндөн алдың анын үйү дагы өрттөнүп кетиптир. Күч органдары ал өзү атайылап үйдөгү нерселерди жок кылуу үчүн жасады дешсе, кармалган адамдын жакындары үйдү анын аялы өрттөп жибергенин жоромолдошууда.

Кайрат Юсупов
Кайрат Юсупов
Сарвар Юсуповдун бир тууган агасы Кайрат Юсупов окуяны минтип түшүндүрдү:

- Менин инимди «Хизб-ут Тахрир» же Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү деп жаткандары толук жалган. Ал динге берилмек тургай, намазын окуса окуп, окубаса жок жөн эле жүргөн бала. Бул жерде саясий же диний маселе эмес, кадимкидей эле үй-бүлөлүк маселе болуп жатат. Сарвар аялы менен урушуп кетип эле, аялы аны ушинтип жамандап арыз жазып койду. Анан ал камалса, үйүн сатып Орусияга кетип калайын деп ойлогон. Максаты ишке ашпай калгандан кийин үйүн да өрттөп жиберди.

Кичинекей уулу деп Сарвардын үйүндө жашап жүргөн аксакал Мамырасул Юсупов да келини менен чатакташып, анын үйүнөн чыгып кеткен экен. Эми эле минтип баласы “экстремист” болуп чыга калганына ал дагы таң калып жатканын жашырбайт:

Сарвар Юсуповдун өрттөнүп кеткен үйү.
Сарвар Юсуповдун өрттөнүп кеткен үйү.

- Үйдөн чыккан дисктер, тапанчалар кимдики экенин билбейм. Анын аялы ушул китепер күйөөмдүкү деп алып чыгыптыр дешти. Ооганстанга качканы жатыптыр дейт, ал жакка бармак тургай балам тиричилигине зорго акча тапчу. Жетпей калганда 100 сомдон мен берип турчумун. Өзү наабайчы болсо, кайсы акчасына Ооганстанга барат?


Тилекке каршы Юсуповдун аялы Мадинаны табууга мүмкүнчүлүк болбоду. Ал өзүнүн үйүндө да, ата-энесинин үйүндө да жок болуп чыкты.

Өрттөнүп кеткен үйдүн ички көрүнүшү.
Өрттөнүп кеткен үйдүн ички көрүнүшү.
Өзбек ислам кыймылынын мүчөсү делген Сарвар Юсупов Дагестанда, Ооганстанда жана Чеченстанда атайын даярдыкта болуп келгендиги айтылууда. Маалыматтарга ылайык, Ноокат районунда экстремисттик уюмдарга мүчө делген 100дөн ашык адам милициянын каттоосунда турат.

Кармалган Сарвар Юсупов мүчө делген Өзбекстан ислам кыймылы (бул уюм кийинчерээк атын өзгөртүп, Түркстан ислам кыймылы деп да айтылып жүрөт) Кыргызстанда расмий түрдө тыюу салынган экстремисттик уюм. Азыр Ооганстан менен Пакистандын чектешкен аймактарында турук алган бул уюмдун жоочулары 1999-2000-жылдары Кыргызстандын Баткен аймагына кол салганы белгилүү.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG