Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

"Хизб-ут Тахрирдин" амир орун басары кармалды


Ошто "Хизб-ут Тахрир" экстремисттик уюмдун шаардык наибинин жардамчысы кармалды.

Мындай даражадагы кызматчысынын колго түшкөндүгү кыймылдагыларга аз болсо да сокку болду дейт күч органдагылар. Деген менен талдоочулар радикалдуу кыймылдар менен күрөшүү солгун болуп жатканын тастыкташат.

Ош шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун "Азаттыкка" тастыкташынча, "Хизб-ут Тахрир" диний экстремисттик уюмунун шаардык амир орун басары кыймылга кирүүгө үгүт кылып жүргөн жеринен кармалган:

- Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери Амир-Темир микрорайонунда өзүн "Хизб-ут Тахрир" уюмунун наиб деп тааныштырган, башкача айтканда шаардын амир орун басары деп атаган, 1979-жылы туулган шаар тургуну, Улук аттуу жаран колго түштү. Учурда анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сыдыков белгилегендей, кармалган "хизбутчу" буга чейин 3 жолу соттолгон. Бирок белгисиз себептер менен тез эле бошоп кеткен экен:

- Бул адам бир аялга диний маалыматтар жазылган диск берип, аны сөзсүз көрүп коюусун өтүнгөн. Аял киши аны көргөн учурда "Хизб-ут Тахрир" партиясына үгүттөгөн сөздөр бар экенин байкаган. Ал дароо эле милицияга кайрылып, ал кишини тааный турганын да кабарлаган. Бул киши ушул эле берене менен мурда 3 жолу соттолгон. Бирок кандайдыр бир себептер менен абактан чыгып кеткен. Ошентсе да айтып коюш керек, бул партиянын иши шаарда солгундап калды. Мурдагыдай активдүүлүгү байкалбайт.

Ошого карабай шектелип кармалган наиб орун басар бул жолу да боштондукка чыгып кетүү коркунучу бар экенин талдоочулар тастыкташат. Серепчи Жыргалбек Жээнбеков буга коррупцияга малынган соттук түзүлүштү айыптайт:

- Экстремисттик топтор менен Кыргызстан өзү күрөшө албайт. Ошон үчүн бул жаатта чоң мамлекеттер менен алаканы күчөтүш керек. Соңку факт да бул милициянын отчет үчүн айтылып жаткан айласы. Көп фактылар көмүскөдө калып кетүүдө. Айтылып чыккандай, кийин деле сотко жетпей, же сотко баргандан кийин деле себепсиз жабылып калган учурлар бар. Башкача айтканда, айыптуулар тиешелүү жазасын албайт.

"Канткен менен соңку кездеги бейстабилдүүлүктүн айынан экстремисттик кыймылдар активдүүлүгүн азайткан жок" деп кошумчалайт Жээнбеков:

- Акыркы эки жыл аралыгында саясий стабилдүүлүк таптакыр бузулуп, тартип коргоо органдарынын иш аракеттери саясий гана өңүт алып калды. Так ушундан пайдаланган радикалдык топтор иштерин түрдүү багытта курчутууга жетишип алды. Мобу чек аранын бышык эместиги да алардын өнүгүп өсүүсүнө өбөлгө түзүп берип жатат.

Башка бир серепчи Төлөгөн Келдибаев да, радикалдык уюмдардын иштери ачык маанайга өтүп жатканын белгилейт:

- Эң коркунучтуусу экстремисттик уюмдар мурдагыдай жашырынып, көмүскөдө иш алып барбай, ачык ишке өтүп калганы болуп жатат. Алар кайсы бир имамдар аркылуу, же дагы бир башка диниятчынын колу менен көрүнгөн жерде өз идеяларын жайылтуу менен алек. Аймакта, мен байкагандан, булар түнкүсүн көчөлөргө баракчаларын таштап кетип, же устундарга илип коюп, үйлөрдүн алдына дисктерин калтырып кетишүүдө. Амиринин орун басарын кармаганы менен аны булар атайын уюштурулган фонд аркылуу сотторго акчаны берет дагы, кайра бошотуп алышат. Милициянын бул иши аларга коркутмак турсун, кайра аларга шык берип жатат.

Маалым болгондой, жыл башынан бери радикалдуу кыймылдарда мүчө болгону үчүн аймакта 10 чакты киши кармалган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG