Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Сел алып кеткен Барскоон-Кумтөр жолу тазаланды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 3-август түнү Барскоон-Кумтөр унаа жолун сел жууп, кен иштеткен ишканага кеткен жол буулган. Селдин кесепетин жоюу иштерине “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын техникалары тартылып, бүгүн эртең менен жол толугу менен ачылды. Катуу жамгырдан улам сел жууган Тоң жана Жети-Өгүз районундагы айрым айылдардын жолдору учурда тазаланып, каналдардын жээктери бекемделип жатканын аталган министрликтен кабарлашты.(BkA)

XS
SM
MD
LG