Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Египет: Эл аралык арачылыктан "майнап чыкпады"


Египеттин президенттик бийлиги өлкөдөгү саясий кризисти жөнгө салуу боюнча эл аралык аракеттен майнап чыкпаганын белгилеп, бул үчүн "Мусулман Агаиндерин" күнөөлөдү.

Президенттиктин билдирүүсүндө Батыш жана араб өлкөлөрүнүн 10 күндөн ашык мезгилден берки дипломатиялык аракеттери «бүгүн бүткөндүгү» айтылат. АКШ, Европа Биримдиги жана Перси булуңундагы өлкөлөр генералдар орноткон бийлик менен кулатылган президент Мурсинин колдоочуларын жараштарууга аракеттенип келишти.

Египеттин бийликтери Мурсинин колдоочуларынын Каирдеги эки отурма акциясын таркатуунун планын жарыялады. Мурси 3-июлда кулатылгандан берки тополоңдордо 300гө чукул кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG