Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:35

Москвада кыргыз жараны катышкан чыр катталды


Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. Маалыматка ылайык, 5-августта кыргыз жараны менен тек-жайы тактала элек жарандар ортосунда чыр чыгып, анын арты бычакташуу менен аяктаган.

Мушташта кыргыз жараны башка улуттагы төрт адамды бычак менен жарадар кылган. Өзү да бычак жеп, ооруканага жаткырылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтенүүдө. Айрым маалымат каражаттары чыр кыргыз жараны менен өзбекстандык тажиктер ортосунда чыкканын жазышууда.

Кулукеева кошумчалагандай, Кыргызстандын элчилик кызматкерлери кылмышка шектелген жаранга укуктук жардам берүү аракетин көрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG