Ош шаарында бүгүн "Жылмайуу акциясы" өтүп жатат. Иш-чараны шаардык ОшТВ телеканалы уюштурган. Онго жакын кыз-жигит "Бүгүн сонун күн. Жылмайып коюңуз!", "Жашоону жакшы жакка өзгөртүү үчүн жылмайып коюңуз" деген жазуулар бар плакаттарды көтөрүп, шаар көчөлөрүн кыдырышууда. Алар жолдон өтүп жаткан ар бир адамды жана айдоочуларды жылмайып коюуга үндөп, аны тасмага түшүрүп жүрүшөт.
Телеканалдын өкүлү Жылдызбек Болотбеков "Азаттыкка" билдиргендей, бул акция менен алар шаар тургундарына көтөрүңкү маанай тартуулоого аракет кылып жатышат. Акциянын жүрүшү телеканал аркылуу обого берилет. Иш-чара бүгүн күн бою уланат. (SE)