Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:27

Алматыда кыргызстандык футболчу реанимацияга түштү

Кыргызстандык футболчу, учурда Казакстандын “Ак-Төбө” футбол клубунун оюнчусу Эмил Кенжесариев Алматыдагы ооруканага оор абалда түштү. Бул тууралуу кабар “Ак-Төбө” футбол клубунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматтарга караганда, Кенжесариевди Алматыда белгисиз адамдар сабап кеткен. Ооруканага эс-учу жок түшкөн футболчунун башына операция жасалып, учурда реанимацияда. Бул боюнча Казакстандын күч органдары кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатат.

26 жаштагы футболчу Эмил Кенжесариев Кыргызстанда туулуп-өскөн. Алгач Кыргызстандын курама командасы үчүн ойноп жүрүп, бир канча жыл мурун Казакстанга кеткен. (BkA)
XS
SM
MD
LG