БУУ эксперттери Сириядагы жарандык согуш учурунда химиялык курал колдонулуп же колдонулбаганын текшерүү үчүн Дамаскка келишти.
Жекшембиде Дамаскка келген эксперттер эки жума бою текшерүү жүргүзмөкчү. 20 эксперттен турган бул топту швед окумуштуусу Аке Шельстрем жетектейт. 100 миңден ашык адамдын өмүрүн алган согушта козголоңчулар өкмөттү, өкмөт болсо козголоңчуларды химиялык курал колдонгону боюнча күнөөлөп жатат Башар Асаддын өкмөтү өткөн аптада гана Улуттар уюмунун эсперттерин жиберүү боюнча сунушуна макул болгон.
Эксперттер азырынча март айында химиялык курал колдонулду делген Алеппо шаарынын четиндеги Хан-ал-Ассал айылын жана башка эки жерди текшерүүгө Сирия бийлигинен уруксат алды. Бирок БУУ башка жерлерди да текшерүүнү сунуштоодо.